Мирлан Бакиров "өлкөдө свет өчүрүүнү токтотпосок болбойт" дейт
Кыргызстанда электр энергиясын өчүрүүлөр экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтып чыгып, электр энергиясынын өчүшүнөн түшүм жыйнап жаткан чакан фермердик чарбалар жабыркап жатканын билдирди. Азык-түлүк кризисинин алдын алууга шашылыш чараларды көрүү керектигин айткан депутат: "Азыр кийинки жылдын республикалык бюджетинин долбоору каралууда. Айыл чарба тармагында 2015-жылы араң 0,8 пайызга өсүш болот экен. Ушу кантип болсун? Электр энергиясын күн сайын өчүрүп отурса, айыл чарба тармагынын абалы мындан дагы кыйындап кетиши мүмкүн. Электр кубатын өчүрүүнү токтотуу керек",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

