Кыргызстанда быйыл светти өчүрүү менен 1,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлөт
Кыргызстанда быйыл кышкысын светти өчүрүүлөр менен 1 миллиард 200 миллион киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлөт. Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу (аталган министрликтин башчылыгына талапкер) Кубанычбек Турдубаев билдирди. Быйыл өлкөдө 2 миллиард 300 миллион киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз экенин айткан талапкер буларды кошумчалады:
Автор: Автандил Добулбеков
"Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коңшу өлкө менен электр энергиясын алмашууну карап жатабыз. Тактап айтканда, алар бизге кышында 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет, биз аларга ошончо көлөмдөгү электр энергиясын жайында кайтарып беребиз. Мындан тышкары Бишкек ЖЭБинен 380 миллион киловатт-саат, Ош ЖЭБинен 55 миллион киловатт-саат электр кубатын иштеп чыксак болот".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

