super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөр" ишканасы бир жылда 1 миллиард киловатт-саат электр кубатын пайдаланат

 
"Кумтөр" ишканасы бир жылда 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын пайдаланат. Муну 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын билдиришинче, "Кумтөр" электр кубатынын карапайым калк төлөп жаткан баадан 1,5 - 2 эсе кымбатка сатып алат. Жыйында өлкөгө импорттолгон электр энергиясынын баасы кымбат болорун, андыктан сырттан алынган электр кубатын карапайым элге эмес, "Кумтөр" сыяктуу ири ишканаларга сатуу керектигин айтышты депутаттар. "Импорттолгон электр энергиясын ири ишканаларга чачкыла, алар 3 сомдон болсо да сатып алышсын",- дейт депутат Бакыт Төрөбаев.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: