super.kg logo

Кыргызстандын аймагында 79 өлкөнүн өкүлдөрү эмгектенишет

 

Кыргызстандын аймагында 79 өлкөнүн өкүлдөрү эмгектенишүүдө. Сандык көрсөткүч боюнча алдынкы орундарда Кытай, Түркия, Орусия жана Казакстандын жарандары турушат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди.  

“Азыркы жаштар чет жакка кетүүгө кызыкдар, ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда жумуш ордуларын таап, эмгектенишүүдө. Кыргызстандын жарандарынын басымдуу бөлүгү ошол эле Орусияда 25 миң рубль айлык алып иштеп жүрүшөт. Ошол эле учурда Кыргызстандагы курулуш иштеринде 40 миң сомго чейин маяна алууга болот”,- дейт Доскул Бекмурзаев.

Анын айтымында, былтыр кыргыз-кытай ишканасына 20 жол куруучуну 2 ай топтошкон. "Жарандарыбыз күнүнө 1200 сом айлыкка макул болгон эмес, ал эми эсептеп көрсөк, айына 36-40 миң сом чыгат экен. Эң кызыгы, жарандарыбыз өз мекенинде бул суммага иштебестен, чет жакта жүрүшөт. Учурда Кыргызстанда курулуш иштери арбын, айлыктары да жакшы. Чет жактан тапкан маянаны Кыргызстандан деле тапса болот, бирок жаштар чет жакка умтулушууда”,- деп кошумчалады министрдин орун басары. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: