super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш энергетика министрлигине талапкер кароону күтүүсүз токтотту

 
Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев өзүнүн мурда соттолгонун, бул тууралуу президентке айтканын билдирди.
Жогорку Кеңеш энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин кароону күтүүсүз токтотту. Мындай чечим парламенттин 16-октябрдагы жыйынында кабыл алынып, ага 75 депутат макулдук берди. Маселени кароонун токтотулушуна талапкердин мурда соттолгону себеп болду. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган талапкерге каршы экенин айтып чыкты. "Осмонбек Артыкбаев министр болуп турганда өзүнүн орун басары кылып мурда соттолгон адамды дайындаган. Кубанычбек Турдубаев Максим Бакиев менен берге энергетиканы тоноого катышып, кийин булар амнистияга туш келишкен. Турдубаев өзүнүн мурда соттолгонун моюнга алып, бул боюнча президентке айтканын, ал "боло берет" деп билдиргенин айтты. Биз президентке жана жалпы журтка кайрылабыз, мындай болушу мүмкүн эмес. Минтчү болсо, анда президент өзүнө жоопкерчиликти алсын",- деди Текебаев. 
Маселе парламенттин кийинки жыйындарында каралат. Ага чейин министрликке талапкерге байланышкан юридикалык маселелер териштирилмекчи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: