Өмүрбек Текебаев: “Мурда соттолгон кишини министрлик кызматка сунуштаганы үчүн Алмазбек Атамбаев жооп берсин!"

"Президент Алмазбек Атамбаев мурда соттолгон адамды министрлик кызматка сунуштаганы үчүн жооп бериши керек". Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Фракция лидери Кубанычбек Турдубаевдин энергетика жана өнөр жай министри кызматына сунушталышы туура эмес экенин белгилеп: “Сиздер уктуңуздар, талапкер Кубанычбек Турдубаев биринчи инстанцияда соттолгонун мойнуна алды. Бирок бул боюнча “президентке айттым” деди. Соттолгон кадрды президент “актайм” десе, жоопкерчиликти алсын. "Кыйын бала экен" дегенсиздер, уурулардын баары кыйын болушат”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

