Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүнө 3,7 миллион сомго жаңы от казаны орнотулду
Бүгүн, 16-октябрда Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казанынын ачылышы болду.


Бүгүн, 16-октябрда Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казанынын ачылышы болду.

Иш-чарага социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган жатак-үйдүн башчысы Эсен Арыков катышты.

Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүнүн карылары жана майыптары

Эльвира Сариева: "Быйыл Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүнүн жашоочулары кышында суук болгондугуна арызданып келишкен. Мындан улам өкмөт республикалык бюджеттен бул мекемеге жаңы от казанын орнотууга 4,5 миллион сом бөлүп берген. Тендердин жыйынтыгында 3 миллион 790 миң сомго келишим түзүлгөн. Мындан тышкары 1 миң тонна көмүр сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюлган".

Министр К.Базарбаев Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүндө 5 жылдан ашык мөөнөттүн ичинде жылытуу маселеси оор болгонун айтты. "Эски от казаны имараттан алыс жайгашкандыктан, жылуулук түтүктөр аркылуу келе жатып муздап калчу. Жаңы от казанын жакыныраак орноттук. Эми силер жылуу бөлмөлөрдө жашайсыңар",- деп кайрылды карыларга жана майыптарга министр.

Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүнүн карылары жана майыптары



Сатылып алынган көмүр


Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казаны

Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казаны

Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казаны

Иш-чаранын жүрүшүндө Эльвира Сариева жана Кудайберген Базарбаев жатак-үйүнүн абалы менен таанышып чыгышты.

Эльвира Сариева жана Кудайберген Базарбаев жатак-үйүнүн абалы менен таанышууда.









Бүгүн, 16-октябрда Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казанынын ачылышы өттү. Иш-чарага социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган жатак-үйдүн башчысы Эсен Арыков катышты.
Э.Сариеванын айтымында, быйыл Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүнүн жашоочулары кышында суук болгондугуна арызданып келишкен. "Мындан улам өкмөт республикалык бюджеттен бул мекемеге жаңы от казанын орнотууга 4,5 миллион сом бөлүп берген. Тендердин жыйынтыгында 3 миллион 790 миң сомго келишим түзүлгөн. Мындан тышкары 1 миң тонна көмүр сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюлган",- деди вице-премьер айым.
Министр К.Базарбаев өз сөзүндө Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүндө 5 жылдан ашык мөөнөттүн ичинде жылытуу маселеси оор болгонун айтты. "Эски от казаны имараттан алыс жайгашкандыктан, жылуулук түтүктөр аркылуу келе жатып муздап калчу. Жаңы от казанын жакын орноттук. Эми силер жылуу бөлмөлөрдө жашайсыңар",- деп кайрылды карыларга жана майыптарга министр.
Айта кетсек, учурда Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүндө жалпысынан 364 адам жашайт. Анда 232 кызматкер иштейт. Мекемеде китепкана, массаж, физиотерапия, стоматология бөлүмдөрү бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
nur-patriot

16.10.2014. 16:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан сонун болуптур, үшүп чыгышпаса экен майыптарыбыз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.