super.kg logo

"Келечек муунубуздун максаты мектепти аяктап, чет өлкөдө иштеп акча табууга айланып баратат" дейт депутат

 

"Биздин балдарыбыздын максаты мектепти аяктаган соң эле Орусияга кетип, акча табуу болуп калды". Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда эмгек миграциясынын айланасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган тегерек столдо ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

“Биздин балдарыбыздын психологиясы такыр өзгөрүлдү, алар мектепти аяктаары менен эч кандай кесипке ээ болбостон акча табууга киришүүдө. Учурда башка өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын саны 1 миллиондон ашык”,- дейт М.Бакиров.

Ал эми саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири боюнча, жаштар өз мекенинде калууга кызыкдар эмес.

“Ысык-Көлдө мектеп окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгында алардын басымдуу бөлүгү чет жакка кетүүнү самашары маалым болгон. Ага негизги себеп катары өз аймагында жан багууга жетерлик каражат таба алышпасын айтышкан. Анын үстүнө бул нерсеге чет жакка кеткен тууган, тааныш-билиштеринин көп акча таап, жашоо-турмуштарын оңоп жаткандары себеп болууда”,- дейт серепчи.

Ошондой эле эмгек миграциясынын айланасындагы көйгөйлөрдү талкуулоого арналган тегерек столдун ишине бир катар саясий серепчилер, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.10.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекенинде калып окууну ийгиликтуу аяктап иши жок жургондор толтурада,анан эмне ачкадан олушсунбу? Баягы эле башында эч билими жок болсо деле депутат,министрдин туугандары,балдары эле жогорку кызматтарды аркалап келе жатышса карапайым калтын балдары эмне кылат анан эптеп жол кире таап чет жака барып эмгектенип акча табайын деп жатышатда.Азыр любой жаш баладан чонойгондо ким болосун? деп сурасан, чонойгондо россияга барып иштеп мигрант болом деп жооп берет.
16.10.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, туура мендеда мектепти Буткондо еле россияга келгем ошол бойдон кете елекмин
16.10.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы кыйраткан иш болсо кесип тандайт бизде иштесен же айлыгы жарытарлык эмес ойду тоону суйлобостон жепжутаттар завод,фабрика, ар кандай мекемелерди салып ошол жака ишке тартпайбы жаштарды
16.10.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда "оозу мурду кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун"деген создун ачуу чындыгы бар.Завод фабрикаларды куруп,жумушчулар ы алсын,орточо айлык акы 15000дин тегерегинде кылып ,ошондо окууга умтулат да.Азыр Россия багып жатат,миллиардаган акчалар которулуп.
17.10.2014. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne bolsoda rossiiaga rahmat.jaman by jakwyby ak4a taap uibulobuzdu bagyp jatabyz.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: