super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Коалициялык көпчүлүк Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди карап жатат

 

Бүгүн, 16-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүк КРнын Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди карап жатат. КСДП 2, “Ар-намыс” 3, ”Ата Мекен” 3 талапкерди сунуштоодо. Талкуу учурунда депутат Эркин Сакебаев: “КСДП фракциясынан 3 талапкер көрсөтүлүшү керек болчу. Эмне үчүн 2 гана талапкер сунушталып жатат?”- деди. "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов жооп иретинде бул үч фракция лидеринин кабыл алган чечими экенин айтты. Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. 16 мүчө парламент тарабынан тандалып, калган 8и Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат. Судьяларды тандоо кеңешине төмөнкү талапкерлер сунушталууда:

1. Панайдин Кадыров

2. Жээнбек Мукамбетов 

3. Асел Төлөмүшева 

4. Сарылбек Борбашев 

5. Урматбек Момбеков 

6. Таалайгүл Исакунова 

7. Шамарал Майчиев 

8. Жамыйла Нурумбетова






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: