Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург тартиптик жазага тартылышы мүмкүн

"Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург (ред.- Калдарбек Абдраманов) тартиптик жазага тартылышы мүмкүн",- деди бүгүн, 16-октябрда журналисттерге социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, операция жасаган дарыгер адис катары мактоо сөздөргө татыктуу. "Бирок ошол эле учурда анын шалаакылыгы орун алууда. Анткени 2 жылдын ичинде өкмөт тарабынан генераторду ишке киргизүү боюнча талаптар айтылып келген. Мындан тышкары Энергетика министрлигине медициналык мекемелерди электр энергия менен камсыздоону токтотпоо талабы да айтылган. Аталган операция жүргүзүлгөн Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борбору 1-категориядагы абоненттердин тизмесине киргизилиши керек болчу",- деп түшүндүрдү вице-премьер.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 11-октябрында электр энергиясынын өчүп калгандыгына карабай Жалал-Абад облусундагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдраманов жетектеген хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасоого мажбур болушкан. Андан соң “Жалал-Абад электр” ишканасы бул тууралуу маалымат тараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
5

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
FSB, LEDI7MERI - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө жол берилбейт.
Бийлике ушул десен соз короткум келбейт.
ушул жазгандарыбыз жетер бекен биздин бийлике.
Бийликтегилер УЯТ! козунорду ачкыла бардык министирлерге айттым.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.