super.kg logo
  Саясат  

Сотторду тандоо кеңешиндеги кызматтык орундар 35 миң доллардан сатылабы?

 
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 16-октябрдагы жыйынында депутат Галина Скрипкина Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерден 35 миң доллардан алынганы тууралуу айтып чыкты. Мындай маалымат аталган кеңешке талапкерлерди кароо учурунда айтылды. Депутат талапкерлердин бири Сарылбек Борбашовдун маалымат булактарына берген маегин сынга алды. 
"Сиз менин кызымды жана министр Шыкмаматовдун бир тууганын Сотторду тандоо кеңешине өткөрбөй койгонун айтыпсыз. Бул кызмат орундары 35 миң доллардан сатыларын айтышыптыр. Муну уккандан кийин кызым документтерин кайтарып алды. Бизде мынча акча жок",- дейт депутат. 
Борбашов аталган депутаттын кызы биринчи турдан кийин документин кайтарып алганын айтканын билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: