super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Күрөңкеев: "Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди чыгарган 6 завод иштебей токтоп турат"

 

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди чыгарган 6 заводдун иши токтоп турат.  Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү ассоциациясынын төрагасы Турсунбек Күрөңкеев билдирди. “Мурдагы мамлекеттик алкоголдук агенттик жоюлуп, ал салык кызматына өткөрүлүп берилген. Натыйжада ишканалар 2 ай спирт чыгара албай туруп калган. Аракка жана тамекиге акциздик маркаларды чыгаруу боюнча кайра-кайра тендер өткөрүлдү, бирок жыйынтыгы чыкпай, арак заводдор акциздик маркалар менен камсыздалбай калды. Мындан улам заводдор жылдык планды аткара албай, алардын лицензиясы алынып жатат. 2012-жылы алкоголь тармагынан бюджетке 525 миллион сомдун ордуна 372 миллион сом гана түшкөн”,- деди Күрөңкеев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: