Европанын Футбол кеңеши Албания-Сербия оюнундагы баш аламандык боюнча 5 эреже бузуу тапты



Европанын Футбол кеңеши (УЕФА) бүгүн, 16-октябрда Албания менен Сербиянын оюнундагы баш аламандык боюнча 5 эреже бузуу тапты. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына таянсак, 23-октябрда Сербия менен Албаниянын Футбол федерацияларына карата чечим чыгарылат.
Сербиянын Футбол федерациясы күйөрмандар тарабынан майданга ыргытылган түрдүү нерселер үчүн, трибунадагы баш аламандык, күйөрмандардын майданга чыгуусу, тартиптин жеткиликтүү деңгээлде каралбаганы үчүн жана лазерлердин колдонулгандыгы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өтө турган Европа чемпиондугунун тандап алуу турунда Сербия менен Албания беттешип жатканда кокусунан оюнчулардын ортосунда мушташ башталган. Уруштун келип чыгуусуна майданга түшүрүлгөн желек себеп болгон. Себеби желекте Албаниянын желегин биринчилерден болуп 1912-жылы негиздеп, обого көтөргөн Иса Болетини менен Исмаил Кемалинин элеси чагылдырылган. Ошондой эле ал желекте “таандык” деген маанидеги жазуу орун алган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.