super.kg logo

Бензиндин баасынын көтөрүлгөнүнө нааразы болгон таксисттер: "Региондорго болгон жол кирени 100-200 сомго кымбаттатууга туура келди"

 
Бишкек-Талас жол каттамынын айдоочусу Акылбек Айтматов.
Батыш автобекети
Шаардын тургуну Айтбү Төлөева.
Учурда региондорго каттаган автобустардын жол киреси кымбаттаган эмес.
Бишкек-Нарын жол каттамы боюнча каттаган автобустун айдоочусу Султанбек Темиров.
Айрым жол каттамдарга болгон жол кире 200 сомго чейин кымбаттаган. Эгер бензиндин баасы көтөрүлсө, жол кире дагы кымбатташы мүмкүн.
Айдоочулар эгер бензиндин баасы өсө берсе, жол киренин баасы да кымбаттайт дешүүдө.
Бишкек-Талас жол каттамынын айдоочулары.
Бүгүнкү күндүн бензинге болгон баалары...

Акыркы бир айдан бери бензиндин баасы улам көтөрүлүп келе жатат. Ушуга байланыштуу региондорго болгон жол каттамдарынын жол киреси да 100 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлгөн. 16-октябрга карата көрсөткүчтө АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49 сом 90 тыйынды түзсө, АИ 95 – 54 сом 20 тыйын, АИ 98 – 55 сом 40 тыйын, АИ 80 бензини 41 сом 90 тыйын болууда. Ал эми солярканын 1 литринин баасы 43 сом 50 тыйынга чыкты.

Таксисттер жана ар кайсы жол каттамдары менен каттаган айдоочулардын көбү баанын өсүп жатканына нааразы. Бишкек – Баткен жол каттамы боюнча жол киренин баасы бүгүнкү күндө 1700 сомго чыккан, буга чейин 1500 сомду түзүп келген. Ош, Жалал-Абад шаарларына жол киренин баасы 1500 сомду түзүүдө, айдоочулардын айтымында, аз күндө алар да жол кирени кымбаттатканга аргасыз болушат. Баткендик айдоочулардын айтымында, Баткенде бензинге болгон баа 53 сомго чыккан.  

Акылбек Айтматов, Бишкек-Талас жол каттамынын айдоочусу:

- Бензин кымбаттагандан бери акыркы 15 күндүн ичинде жол кире 600 сомго чыкты, буга чейин 500 сом болуп келген. Унаа тетиктери кымбат, узак жолдон бир дөңгөлөгүң жарылып калса эле канча чыгым болосуң, анан жол кире кымбаттайт да. Анын үстүнө бензиндин баасы күн санап өсүп жатат.  

Султанбек Темиров, Бишкек-Нарын жол каттамы боюнча каттаган автобустун айдоочусу:

- Региондорго каттаган автобустардын баасы өзгөрүлбөйт. Себеби анын баасын Антимонополдук агенттик коёт, бензиндин баасы көтөрүлсө да, түшүп кетсе да автобуска болгон жол кирелер өзгөрүлбөйт. Учурда жол кире 270 сомдон болуп жатат, ал эми таксилер бааны 600 сомго чейин көтөрүп алышты. 

Дамир Омарханов, Бишкек-Талас жол каттамы боюнча жеңил унаалардын бригадири:

- Бензиндин баасы бир айдан бери өсүп жатат, өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн бензиндин орточо баасы 50 сом болуп калды. Эгер бензиндин баасы өсө берсе, жол киренин баасы да кымбаттай берет.

Шаардын тургуну Айтбү Төлөева өлкө аймагында бензин гана эмес, бардык нерселер кымбаттап жатканына нааразы. “Кыш келбей жатып канчадан бери свет өчүп жатат, тамак-ашка болгон баа да күндөн-күнгө өсүүдө. Эми минтип жол кирелер да кымбаттай баштады. Деги эмне деген жашоо болуп бара жатат? Акырындык менен Кыргызстанды жакырчылык каптап келатат, башка айта турчу эч нерсе жок”,- дейт А.Төлөева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
17.10.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев кана берген убадан элди кыйнаб буттунго!!
17.10.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай койгойлор жаман эле кобойдуго, бийлике келгичекти убадаларды калаты беришет,кеткендерди жамандашат,оздорун калаты макташат мен анте коем тигинте коем дешип,кана берген убадасы?убада бергенди билген аткаруунуда билишсе
17.10.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо колдун жол киресин жазбапсынаргоо, же кымбаттаган жокбу?
17.10.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bai.kymbat, Саламатсызбы!
Кабардын аталышында жазылгандай, региондорго болгон жол кире 100-200 сомго кымбаттаган. Кабарды толуктап койгонго аракет кылабыз.
17.10.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхее камбатам эле баратат кымбатап эле баратат эми не болор экен
17.10.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бензин эмне учун кымбаттап жатат?элдин жашоосу кыйындап баратат го;:?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: