Борбор калаада майып балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылат
Бишкекте бүгүн, 17-октябрда Эмен багындагы Сүрөтчүлөр биримдигинде чыгаан кыргыз сүрөтчүлөрүнүн
чыгармаларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылат. Бул
тууралуу SUPER.KG порталына БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалым болгондой, сүрөттөрдү тарткан 20га жакын бала өздөрү да көргөзмөгө катышып, белгилүү сүрөтчүлөр менен таанышмакчы. “Бул көргөзмөдө бишкектиктер Кыргызстандагы сүрөтчүлөрдүн бир нече муунунун эмгектери менен таанышып, чыгармачыл балдардын ички дүйнөсүн жана алардын ой толгоолорун сүрөт аркылуу көрө алышат”,- дешет уюштуруучулар.
Кошумчалай кетсек, көргөзмө 31-октябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.