super.kg logo

Ысык-Көл облусунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 
Ысык-Көл облусунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМ билдиргендей, жер титирөө 28-январда саат 22:38 чамасында болду. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген учур болгон жок. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Каракол шаарынын 100 чакырым чыгыш тарабында орун алды. Жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун аймагында 6,5 балл, Каракол шаарында 6 балл, Бишкекте 4 баллга жетти. Буга байлануштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: