super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Токтогул Сатылганов менен ар бир кыргыз сыймыктанат"

 
Токтогул районунда бүгүн, 17-октябрда улуу акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги ачылды. Ага катышкан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев: "Уникалдуу акындын таланты, анын элге кылган эмгеги жана калтырган чыгармалары мамлекет тарабынан жогору бааланды. Токтогул Сатылгановдун ысымы республикадагы эң ири ГЭСке, Улуттук филармонияга, борбор шаардын көчөлөрүнө өзүнүн кичи мекенине берилди. Көптөгөн билим берүү жайлары улуу акын жана ойчулдун атын алып жүрүшөт. Адабият, музыка, кино жана театр тармагында анын атынан мамлекеттик сыйлык түзүлгөн. Бүгүн анын дагы бир эстелигинин ачылышында турабыз. Улуу акын мындай урмат-сыйга татыктуу, Токтогул менен ар бир кыргыз, өлкөнүн бардык жарандары сыймыктанышат",- деп билдирди. 
Айта кетсек, өкмөт башчы бүгүн аймактагы мектептердин кышка даярдыгы менен таанышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: