super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Турдубаев: "Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына туура эмес божомолдор себеп"

 
"Токтогул суу сактагычындагы суунун быйыл тартыш болушуна туура эмес божомолдор себеп". Муну энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев "Республика" фракциясынын 17-октябрдагы жыйынында билдирди. Суу сактагычтагы суунун көлөмү божомолго ылайык 13 миллиард метр кубду түзүшү керектигин, бирок андай болбой калганын белгиледи Турдубаев. Министрдин милдетин аткаруучу бул кемчиликти жабуунун 2 жолу бар экенин айтат. Биринчиси - сырттан электр энергиясын сатып алуу, экинчиси - кышкысын светти маал-маалы менен өчүрүү. 
Эскерте кетсек, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 810 миллион метр кубдун тегерегинде болууда. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 946 миллион метр кубду түзгөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: