super.kg logo
  Саясат  

"Бейбаштык боюнча соттолгон саясатчылардын чоң саясатка келишине жол тосулбашы керек" деди Алмазбек Атамбаев

 

Бүгүн, 17-октябрда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: “Бейбаштык боюнча соттолгон саясатчылардын кайрадан чоң саясатка келишине жол тосулбашы керек”,- деп билдирди. Анын айтымында, эгер оор эмес кылмышы үчүн соттолгон адам 2-3 жыл ичинде тартипти сактап, мыйзам бузбай жүрсө, анын чоң саясатка келишине мүмкүнчүлүк түзүлүшү, алардан соттуулугу алынышы шарт. “Айрымдар жашы жете электерди зордуктап камакка алынат, башкалары тоок уурдап камакка алынат. Сот кылмыштарды туура бөлүштүрүп, адилеттүү жазалоону колго алышы керек”,- деди президент.

Айта кетсек, 2013-жылы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев сот тарабынан узак эмес мөөнөткө соттолушуп, депутаттык мандаттарынан ажыратылган.

Жогорку Сот Ташиев менен Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 30, 295-беренелери ("кылмышка катыштык", "бийликти күч менен басып алууга аракет") боюнча күнөөлүү деп тапкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: