super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСинин бардык суу коё берүүчү жайларына видеокамера коюлат

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Энергетика жана өнөр жай министрлигине Токтогул ГЭСинин бардык суу коё берүүчү жайларына (водосброс) видеокамера орнотуу жана андагы көрүнүштү күнү-түнү онлайн түрүндө көрсөтүп турууну камсыздоо тапшырмасын берди. Мунун максаты - энергокомпаниялардын ишинин ачыктыгын күчөтүү жана тармакты реформалоо боюнча өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине элдин ишенимин жогорулатуу. Оторбаев Токтогул суу сактагычынан суунун агып чыгышын көзөмөлсүз калтыруу жана сууну сатуу мүмкүн эмес экенин коомчулук көрүшү керектигин айтты. Видеокамера орнотуу иштери 2014-жылдын 10-ноябрына чейин бүтөрүн өкмөттөн билдиришти. 
Айта кетсек, өкмөт башчы бүгүн Токтогул районунда иш сапары менен жүрөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: