super.kg logo

Сиам эгиздери Зита менен Гитанын абалын өлкө башчысы өз камкордугуна алат

 

Учурда ооруканада жаткан сиам эгиздери Зита менен Гитаны өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өз камкордугуна алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эгиз кыздардын бири Зита бир жарым жылдан бери Улуттук госпиталдын ириң-хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Бүгүн эгиздердин абалын билүү максатында КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн кызматкерлери ооруканага барып, Алмазбек Атамбаев эгиз кыздарды камкордугуна алып, аларды колдоорун айтышты. 

Алар өз сөзүндө өлкө башчысы Зита менен Гитанын эркине жана алардын жашоого болгон умтулуусуна баа бергенин айткан. Ошондой эле Зитанын мындан аркы дарылануусуна, Гитанын Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде окуусуна колдоо көрсөтөрүн айткан.

Учурда Зита оор операцияга муктаж, себеби акыркы 2 жылдан бери анын абалы начарлап келүүдө. 

Эске салсак, Зита менен Гита дүйнөдөгү ийгиликтүү ажыратылган биринчи сиам эгиздери. Аларга оор операция 2006-жылы Орусиядагы мыкты адистер тарабынан жасалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
17.10.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул президент не кылып атканын озу билеби жардам бергени жакшы бирок былтыры бир аксакалдын беттине жара чыгып больницалар кабыл албай атканда кайда журду эле Атамбаев эми озунчо кыйын болуп чыга калыптыр
18.10.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baha1985, тура айтасыз анан дагы ал аксакал кыргыз болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: