Алмазбек Атамбаев соттук реформа үчүн Конституцияны өзгөртүүгө макул



Президент Алмазбек Атамбаев соттук реформаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө макул. Муну өлкө башчы 17-октябрда Бишкекте өткөн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты. Анын билдиришинче, мындай өзгөртүү бийликтин сот тармагына гана тийиштүү болот. "Менин президенттик мөөнөтүмдү узартуу жана авторитардык режимди киргизүү ниетим жок. Биздин соттор адилеттүү чечимдерди чыгарышы керек. Соттук бийликтин начар экенин байкап жатабыз",- деди президент.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин билдиришинче, Соттук реформа боюнча жумушчу кеңеш акыркы жылдардын ичинде көп иш жүргүзгөн. "Анын жүрүшүндө Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Жогорку Кеңеш тарабынан бир топ пайдалуу сунуштар айтылган. Мунун баарын эске алып, аталган кеңеш 7 мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Эми соттук реформа ийгиликтүү ишке ашат деген ишеничтебиз",- дейт Нарымбаев.
Айта кетсек, 2010-жылы кабыл алынган (учурда иштеп жаткан) Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбей турганы Баш мыйзамдын өзүндө белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

