Ош шаардык мэриясы социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 17-октябрда Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаардык мэриясында социалдык тармакта эмгектенип жаткан кызматкерлер үчүн майрамдык салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чарага вице-мэр Ильич Эргешов жана шаардагы социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринин кызматкерлери катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйындын алкагында аталган тармакта үзүрлүү эмгектенип жаткан кызматкерлердин көп жылдык эмгектери эске алынып, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Кошумчалай кетсек, жыл сайын 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.