Бишкекте "Kazaky" бий тобунун концерти үзгүлтүккө учурады
Кечээ, 17-октябрда Бишкектеги түнкү клубдардын биринде "Kazaky" бий тобунун концерти болмок. Бирок иш-чаранын башталарына бир канча саат калганда 100гө жакын жаран каршылык акциясына чыгышып, концертти болтурбоо талабын коюшкан. Мындан улам концерт үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каршылык акциясына чыккандар гомосексуализмге каршы экендиктерин жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо керек экендигин айтышкан.
Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда каршылык акциясына чыккандардын эч кимиси коомдук тартипти бузбаганын, уюштуруучулардан эч ким арыз менен кайрылбаганын билдиришти.
Айта кетсек, айрымдар "Kazaky" бий тобунун жигиттерин “гомосексуалдуулукту жайылтып жатат” деп айыпташат. Ошондой эле аталган топтун Ростов-на-Дону шаарында боло турган концерти да каршылык акциясына чыккандардын айынан болбой калган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Укбай калган турбаймынбы, болбосо мен да чыгат элем.
Биздин озубуздун маданиятыбыз, урп адаттарыбыз бар. Башкалардыкы керек эмес.
Андыктан ар бир кыргыз жараны мындай терс корунушко каршы турушу керек!
Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.
Bekzamann - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.