Алтай Бөрүбаев Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоодо алдынкы орунду ээледи

Алтай Бөрүбаев Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоодо алдыга чыкты. Окуу жайдан билдиришкендей, А.Бөрүбаев 214 добуш алды. Экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээледи. Аталган 3 талапкердин бирин өкмөт башчы ректор кылып дайындамакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, А.Бөрүбаев учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

