super.kg logo

“Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун экинчи күнүндө "Бруклин" командасы "Мыкты команда" аталды

 

19-октябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун экинчи күнү өткөрүлдү. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана кыргыз тамашасын жайылтууга багытталып, 6 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантып келаткан бул долбоордун жаңы сезонун адаттагыдай эле анын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып берди. Залды толук ээлеген көрүүчүлөрдү бул күнү “Nutstan”, “Кыргыз двор”, “Юридикалык академия”, “Универсал”, “Евраш”, “Тамашарики”, “Brooklyn”, “Рота”,“Багыт”, “БГУ”, “Лейлек”, “Долон”, “Азми”, “Көңүлдүү жигиттер”, “3 кошкон” “Каракол”, “Марал”, “Ош мамлекеттик университети”, казакстандык “Система” жана “SDU” командалары боорду эзген тамашага бөлөштү. Күнүмдүк түйшүктөн арылтып, күлкү дүйнөсүнө алып учкан мындагы "тамашоучулар" келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар экенин калыстар тобу бир ооздон белгилеп өтүштү. Ар бир команда өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык абалды, чек ара, үй-бүлө, жаштардын көйгөйүн тамашага салышты. Чындыгына жараша айтылып, жигиттердин актёрлук чеберчилиги менен сүрөттөлгөн тамашаларга көрүүчүлөр залды жара каткырып, шатыра-шатман кол чаап, кыйкырып, сүрөп отурушту. 

3 саат бою күлкүгө сугарган өнөрпоздордун тапкычтыгын, тапандыгын, актёрлук чеберчилигин “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, ырчылар Урмат Усенов, Омар, футболчу Азамат Байматов, стилист Замира Молдошева, "тамашоучу" Мурат Жалиев, "Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова баалашты. Жеңүүчүлөрдү аныктоонун алдында сахнага бийчи Назик чыгып, көрүүчүлөргө кыргыз бийинин элементтерин көрсөтүп берип, чогуу бийлетти.

Ошентип, калыстар тобунун чечими менен “Евраш” командасынын оюнчусу Эламан “Мыкты оюнчу” аталса, “Универсал” командасы “Мыкты тамаша” наамына арзыды. Ал эми “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун экинчи күнүндө “Бруклин” “Мыкты команда” аталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универсал алгааааа!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: