Комитет “Табигый чөйрөгө таасир берүүчү каражаттарды кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салуу” боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды






Бүгүн, 20-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети “1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүүчү каражаттарды аскердик же башка максатта кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Айта кетсек, бул мыйзам долбоору КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы №351-токтому аркылуу демилгеленүүдө. Аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов окуп берди. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.