super.kg logo

Кеминде көмүр жүктөгөн 30га жакын унаа нормадан ашык жүгү үчүн Бишкекке кете албай токтоп турат

 
Кеминдеги чоң өлчөмдөгү жүктөрдү таразалоочу жайында Кара-Кеченин көмүрү жүктөлгөн 30га жакын унаа токтоп турат. Буга унааларга нормадан ашыкча көмүр жүктөп алышканы себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Шаршеналиев билдирди.

“Бул оор жүк ташуучу унааларда жүктөлгөн көмүрдүн салмагы нормадан 10-15 тоннадан ашыкча болууда. Айдоочулар биринчи Кара-Кечедеги текшерүүчү жайдан баш бербей өтүп кетишкен. Алар бул көмүрдү Балыкчыга чейин эле алып барып, андан ары темир жол менен Бишкекке жөнөтөбүз дешкен. Бирок, чынында, алар нормадан ашык жүктөлгөн көмүрдү түз Бишкекке алып кетүүгө камданышкан. Алардын бул кадамы эки ирет каттоодон баш тартып жатканын айтып турат”,- дейт Н.Шаршеналиев.

Анын айтымында, айдоочулар буга чейин нормадан ашкан көмүрдү түшүрүп, Бишкекке барып таштап келишчү. Ошол эле күнү калган көмүрдү алып кетиш үчүн кайра кайтып келишчү. Учурда айдоочулар унааларын жолдун четине токтотуп коюп, мамлекет тарабынан оор жүк ташуучу унаалардан алып-ташуудагы салмакка коюлган чектөөнү алып салууну күтүшүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: