“2015-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 15,7 миллиард сом каралган” дейт Ольга Лаврова
“2015-жылы Кыргызстандын 187 миллиард сомго тете мамлекеттик карызын төлөөгө 15,7 миллиард сом каралган”,- деди бүгүн, 20-октябрда “2015-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө КРнын Каржы министри Ольга Лаврова.
Анын айтымында, тышкы карыздан кутулууга 8,7 миллиард сом, ички карыздан кутулууга 7 миллиард сом бөлүнүүдө. “Кийинки жылдын республикалык бюджети социалдык тармакка багытталган. Бюджеттин 44,1 пайызы бул багытка жумшалмакчы”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















