Ошто облустук милициянын башкармалыгы мекемеге карата каралоо мүнөзүндөгү берүүлөргө жооп катары жыйын өткөрдү

Бүгүн, 20-октябрда Ош шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу менен маалымат жыйын өттү.
Автор: Айсана Паизова
Анда интернет булактарындагы жарыяланып жаткан Ош облустук милициянын башкармалыгына карата каралоо мүнөзүндөгү берүүлөргө жооп катары Ош облустук милициясы өзүнүн негизги милдети болгон коомдук тартипти, жеке жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарып келе жатканын маалымат жыйындын катышуучулары белгилеп өтүштү.
Эскерте кетсек, мындан бир канча күн мурун Ички иштер башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Сүйүн Өмүрзаков менен Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Марат Орозбаевдин ортосунда Оштогу ресторандардын биринде чыр чыгып, экөө мушташып кетишкени айтылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.