super.kg logo

Борбордо Жарандык жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

 

Бишкектеги Эмен сейил багында Мамлекетти бекемдөө жылына карата курман болгон кызыл аскерлердин элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Иш-чаранын максаты - жаңы муунду аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо. Бул тууралуу 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Митинг-реквием борбордогу Биринчи Май райондук администрациясы, ветерандар кеңеши, окуу борбору, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ооган согушунун, Чернобыль апаатынын катышуучулары коомдук бирикмелери жана мектептер тарабынан уюштурулду.

19-кылымдын соңунда ачылган сейил бакта 1918-жылы 1-январда Совет бийлиги орногондугу жарыяланган. 1919-жылы Бир туугандар көрүстөнүндө курман болгон 43 аскердин сөөгү жерге берилген. 1933-жылы ошол эле бейитке Жарандык согуштун Баатыры Яков Никифорович Логвиненконун сөөгү коюлган. Ал эми 1970-жылы кызыл аскерлердин сөөгү коюлган жерге Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондордун элесине арналып Өчпөс от орнотулган. Эмен сейил багындагы Өчпөс от адамдардын элесине гана арналбастан, революция, Жарандык согуштагы баатырдыктын символу болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: