Ички иштер министри Мелис Турганбаевге операция жасалды

Ички иштер министри Мелис Турганбаевге операция жасалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдураимов бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, министрдин сокур ичегисине операция жасалып, учурда Улуттук госпиталда дарыланууда.
“Кечээ кечинде учакта келе жатканда ал ооруп калды. Бишкекке келери менен ооруканага барып, операция жасатты. Учурда абалы жакшы, буюрса, 2-3 күндө жумушка чыгат”,- деди Абдураимов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

