Октябрь районунда дагы бир балдар аянтчасы ишке берилди





Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 5-кичи районунда жайгашкан №11/1, 12, 14-көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда «Шаарга жашоо тартуулайбыз!» долбоорунун алкагында үчүнчү балдар аянтчасы ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага Октябрь районунун жетекчилигинин орун басары Кылычбек Оморов катышты. Ал өз сөзүндө балдарды жаңы оюн аянтчасы менен куттуктап, балдарды аянтчага аяр мамиле кылууга чакырды.
Мэрия белгилегендей, ушул жылдын аягына чейин борбордогу 4 районго дагы 8 балдар аянтчасын орнотуу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.