super.kg logo
  Саясат  

Доллардын кымбатташы депутат менен Улуттук банктын башчысынын ортосунда пикир келишпестикти жаратты

 

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Султанов менен КРнын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун ортосунда пикир келишпестик орун алды. Буга доллардын кымбатташы себеп болду.

Жыйындын жүрүшүндө депутат: “Учурда доллардын баасы 56 сомго жетти. Кийин дагы канчага өсүүсү күтүлүүдө?”- деп сурады. Бул суроого Улуттук банктын башчысы: “Валютанын баасы канчага көтөрүлөрүн эч ким айта албайт. Улуттук банктын резервинде акча каражаттын жетиштүү көлөмү бар. Ошондуктан доллардын кескин түрдө өсүп кетүүсү мүмкүн эмес”,- деп жооп берди.

Депутат мындай жоопко каршы чыкты. “Доллар кескин түрдө өспөйт дейсиңер, бирок буга чейин өсүп кетпеди беле?” деген нааразычылыгын билдирди эл өкүлү. Буга Т.Абдыгулов: “Валюта алмаштыруучулар спекуляция кылбаш үчүн Улуттук банк тарабынан рейддер жүрүүдө. Ушул жылдын март айынан тарта бул маселени катуу көзөмөлгө алганбыз. Жума сайын текшерүүлөрдү жана интервенцияларды өткөрүп жатабыз”,- деп жооп кайтарды.

Айта кетсек, бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Бюджет жана каржы комитети “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: