Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиянын муфтийи менен жолугушту

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусия мусулмандарынын борбордук дин башкармалыгынын муфтийи Талгат Сафа Таджуддин менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдирди.
Жолугушуу Уфада өткөн “XXI кылымдын билим мейкиндигиндеги исламдын баалуулуктары жана идеалдары” аттуу VII эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өттү. Тараптар ислам дининин светтик коомдогу өнүгүп-өсүүсү, экстремизм көйгөйү жана мусулмандардын билим деңгээлдерин жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Талгат Таджуддин Токтомушевди Орусия мусулмандарынын борбордук дин башкармалыгынын тарыхы жана структурасы менен тааныштырып, өзүнүн 34 жылдык башкаруу тажрыйбасы менен бөлүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.