super.kg logo

Бишкекте 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып, көздөгөнү оӊунан чыкпаган соӊ тоногон төрт адам тузакка илинди

 
Милицияга арыз жазып, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун тургуну кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 4-ноябрь күнү түнкү саат 10 жарымдарда азиат улутундагы 4 жигит күч колдонуп коркутуп, 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылышкан. Көздөгөнү оңунан чыкпаган соң кыздын жанындагы 1000 сом акчасын алып кетишкен. Бишкек шаарынын Октябрь райондук №-6-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринен кийин 1986-жылы туулган К.У., 1985-жылы туулган Т.Ш., 1995-жылы туулган Ы.Ш. жана 1995-жылы туулган А.М. аттуу жаш жигиттер колго түштү. Кылмышка шектелген аталып өткөн 4 жаран Ош облусунун жашоочулары экени белгилүү болду. Булардын үстүнөн иликтөө иштери башталды.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: