Бүгүн футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Алга” менен “Алай” беттешет

Бүгүн, 21-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугунда бишкектик “Алга” менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, беттеш ТОП-Лиганын экинчи айлампасында 18-тур оюндарынын алкагында уюшулат. Экинчи айлампа башталган соң командалар 3-орунду талашары айтылып келген. 17 оюндун жыйынтыгында “Алга” 32 упай топтосо, “Алайдын” эсебинде 29 упай бар. Ал эми лидерлик сапта атын жазган “Дордойдун” карамагында 41 упай болсо, 36 упай топтогон “Абдыш-Ата” 2-орунда келүүдө.“Алга” – “Алай”
Стадион: Бишкек шаары, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион
Башталышы: 15:30
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.