super.kg logo
  Саясат  

Валентина Матвиенко Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү керектигин айтты

 

Орусия Кыргызстанды негизги стратегиялык өнөктөшү жана талапташы катары карайт. Муну Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко 20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, ушу тапта достук жана өнөктөштүк мамилелерге таянган эки тараптуу мамилелердин ири мүмкүнчүлүгү турат. Матвиенко Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көп нерселер жасалганын, өз ара саясий пикир алышуулардын улам арбып, стратегиялык өнөктөштөр катары мындан дагы жакындашуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.

Орусия стратегиялык өнөктөш жана талапташ катары Кыргызстан менен бардык жагынан аймактык мамилелерди өнүктүрүү багытында иштешүүгө даяр экенин билдирген Матвиенко "Орусиянын алтымышка жакын субъекти Кыргызстандын аймактары менен кызматташып жатат. Аймактар аралык алакаларды арттырууга багытталган мындай иш-чаралар эки өлкө аймактарынын байланышын бекемдейт",- деди.

Жолугушууда эки өлкөнүн маданий-гуманитардык өнөктөштүгү талкууланды. Матвиенко Орусия тараптын маданият жана билим берүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыгын жандандырууга, Кыргызстандын бийлиги орус тилин өнүктүрүүнү колдоону күчөтөрүнө ишенерин билдирди.

Тараптар терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтор, наркотрафик сындуу маселелер, аймактагы туруктуулукту бекемдөө үчүн Кыргызстанга Орусия тараптын согуштук-техникалык жактан жардам көрсөтүүсү боюнча келишимди толугу менен ишке ашыруу керектигин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу маселелери жана бул процесстерге Орусия тараптын көмөктөшүүсү талкууланды.

Матвиенко Кыргызстан парламентине өлкөнүн Бажы бирлигине кирүү жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу маселелеринде Федерация Кеңеши зарыл болгон консультациялык жана эксперттик жактан көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.

Айта кетсек, бүгүн Матвиенко президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: