super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча окутуу өтүүдө

 

Ысык-Көлдө 19-22-октябрь күндөрү жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча окутуу өтүүдө. 

Тренер катары эл аралык деңгээлдеги эксперт, юридика илиминин кандидаты, Украинанын Судьялардын улуттук мектебинин сот өндүрүшүнүн көйгөйлөрүн илимий изилдөөлөр жана аны өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Татьяна Фулей лекция окууда.  

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору жана USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасы менен биргиликте уюштурулду. Ага жергиликтүү соттордун судьялары жана Жогорку Соттун отставкадагы судялары болуп, жалпысынан 16 судья катышууда. 

Окутуунун угуучулары алган билимдери менен жергиликтүү деңгээлде тренер катары өз кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүшөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: