super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Кыргызстандын алгачкы коргоо министри Мырзакан Субановду куттуктады

 
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 21-октябрда эгемендүү Кыргызстандын биринчи коргоо министри Мырзакан Субановду (сүрөттө) 70 жылдык мааракеси менен өкмөттүн атынан куттуктады. "Генералдын басып өткөн жолу - татыктуу үлгү. Талас өрөөнүнүн кулуну аскер кызматкери болууну максат кылып, аскердик жетекчи жана таланттуу башкаруучу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болду",- деген Маматалиев маараке ээсинин тармакка кошкон салымы тууралуу кенен сөз кылды. 
М.Субанов:
Туулган жылы - 1944-жыл, 15-октябрь.
Туулган жери - Талас облусунун Таш-Дөбө айылы.
1966-жылы Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы Жогорку жалпы аскердик окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөн.
1977-жылдан баштап аскердик чөйрөдө иштеп келген.
1993-1999-жылдары Кыргызстандын коргоо министри.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: