Жалал-Абад. Шаар күнүнө карата уюштурулган үй-бүлөлүк сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата өтүп жаткан “Биз жашаган
дүйнөдө” фестивалынын алкагында “Атам, апам жана мен - спорттук үй-бүлө”
спорттук эстафетасы өтүп, ага ар бир аймактык башкаруудан үй-бүлөлөр катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Эстафетада ар кандай спорттун түрлөрү боюнча үй-бүлө
мүчөлөрү күч сынашып, калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун тургундары болгон Абдуллаевдин үй-бүлөсү жеңсе, 2-орунду Спутник аймактык башкармалыгындагы
Мадоморовдун үй-бүлөсү ээледи. Ал эми 3-орунду кайра эле Т.Тайгараев аймактык
башкаруусунан келген Азимбаевдин үй-бүлөсү багынтты. Өзгөчө активдүү
деп табылган эң жаш үй-бүлө Достук аймактык башкаруусунан Мамытовдун
үй-бүлөсү болду.
Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары 23-октябрь - Шаар күнүн белгилөө учурунда шаар бийлиги тарабынан тапшырыларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси
Малика Мустапакулова кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
shairbek

21.10.2014. 15:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайгараев алга молодцы ,
shairbek

21.10.2014. 15:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабиров кочосуу менен котуштуктар утуптур молодцы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.