super.kg logo

Ош облусундагы 175 мечитте диний адабият камтылган китепканалар иш алып барууда

 
Ош облустук казыятынын буйругуна ылайык, облус аймагындагы 175 мечитте диний адабият камтылган китепканалар ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов билдирди.

“Облус аймагында орун алган ар бир мечитте китеп текчелери орнотулган. Анда муфтият аркылуу өткөн жана анын уруксаты берилген диний адабияттар орун алган. Учурда чоң мечиттердин китепканалары толугу менен диний китептер менен камсыздалган, ал эми кичирээк, жаңы салынган мечиттердеги китеп текчелери толуктала элек. Каражаттын жетишсиздигине байланыштуу калкты кыргыз тилиндеги диний адабият менен камсыз кылууда көйгөйлөр бар”,- дейт Ниязалы ажы Арипов.

Анын айтымында, элге сейрек кездешүүчү китеп жана баракчалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк ала турган, мечиттерге караштуу китепканаларды ачуу зарыл. Ниязалы ажы Арипов буларды кошумчалады: "Мечиттеги китепканалар мечитке келгендер диний адабияттар, агымдар жана динге тиешелүү нерселер тууралуу кененирээк жана толук маалымат алууга багытталган"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: