super.kg logo

Жалал-Абад. Ноябрь айында жаңы курулуп жаткан оорукана колдонууга берилет

 

Бүгүн, 21-октябрда мэр Салайдин Авазов шаарда курулуп жаткан №4-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын көрүп чыкты.

Маалыматка караганда, жаңы оорукана эскилиги жеткен имаратты алмаштыруу үчүн курулууда. Учурда иштетилип жаткан имараттын курулганына бир топ жыл болуп, жамгырда чатырынан суу өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 2013-жылдын декабрь айында курулуп баштаган. Имараттын биринчи кабатында 6 бөлмө, экинчи кабатында да 6 бөлмө болуп, жалпысынан 12 бөлмөлүү болду. Ичи заманбап шарттар менен бүткөрүлдү. Суу, жылытуу жана жаңы эмеректер киргизилди. Ноябрь айынын орто ченинде ишке кирип, ачылышы болот",- дейт Курманбек аймактык башкармалыктын жетекчиси Шухрат Бурханов.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: