super.kg logo

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаар тургундары менен жолугушуу өткөрүштү

 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Каракол ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыл башынан бери кылмыштарга катыштыгы бар 37 жашы жете элек бала кармалган. Анда 7 кылмышка кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучуларынын катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой эле 3 мектеп окуучусу кайыр сурап жүргөн жерлеринен кармалган.

“Катталган 32 кылмыш ишинин ичинен 22си чоочун адамдардын буюм-тайымдарын уурдоо болсо, калгандары адам тоноо, күч колдонуу, мал уурдоо жана баңгизат менен алектенүү сыяктуу кылмыштар болгон” деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан шаар аймагында 27 071 жашы жете элек өспүрүм бар. Алардын 10 996сы мектеп окуучулары. Ошондой эле шаарда 13 мектеп, 2 кесиптик-техникалык лицей, 5 колледж, 1 техникум, 5 жогорку окуу жайы, 3 балдар үйү таалим-тарбия жана кесипкөйлүккө үйрөтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: