Кыргызстанда жалпы көлөмү 82,8 миллион сомго барабар 2776 баалуу кагаз чыгарылган
2014-жылдын 1-октябрына карата көрсөткүч боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 2776 баалуу кагаз чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, чыгарылган баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 82 миллион 798 миң сомго барабар. "Анын ичинде акциялардын жалпы көлөмү 81 миллион 360 миң сом, облигациялардын көлөмү 1 миллион 264 миң сом, инвестициялык пайлардын көлөмү 101 миллион сом жана турак жай сертификаттарынын көлөмү 72,6 миллион сомду түздү",- деди Муканбетов.
Мындан тышкары ал ушул жылдын ичинде 48 баалуу кагаз чыгарылгандыгын баса белгиледи. "Булардын жалпы көлөмү 15,8 миллион сомго барабар",- деп кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















