super.kg logo
  Саясат  

Борбордо Орусияга азык-түлүктү экспорттоо талкууланды

 
Орусиялык "Алеон" компаниясынын директору Илья Бакаренов
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев орусиялык "Алеон" компаниясынын директору Илья Бакаренов менен жолугушту. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Санкцияларга байланыштуу Грециядан алынып келинүүчү белгилүү товарларды алууда КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну чечтик. Өндүрүш товарларын алып келүү үчүн КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлги менен байланышып жатабыз. Кургатылган жемиштер, жаңгак жана башка өндүрүлгөн азыктарды Орусияга тартуу - менин иш сапарымдын негизги максаты",- деди Илья Бакаренов. Жолугушууда өлкөгө Кыргызстандагы мөмө-жемиштерди кайра иштете турган жабдууларды алып келүү талкууланды. Андан соң И.Бакаренов Сокулук, Жайыл, Аламүдүн жана Москва райондорунун дыйкандары менен жолугушту. Эртең ал өлкөнүн түштүгүндөгү дыйкандар менен жолугушат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: