Футбол боюнча өлкө биринчилигинде Ош шаарынын “Алай” командасы Бишкекте “Алганы” 3:1 эсебинде утуп алды





Бүгүн, 21-октябрда футбол боюнча өлкө
чемпиондугунда бишкектик “Алга” менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешти. ТОП-Лиганын
экинчи айлампасынын алкагында уюшулган оюн Дөлөн Өмүрзаков
атындагы стадиондо орун алды. Анда 1:3 эсеби катталып, “Алай” жеңишке жетишти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
“Алганын”
акыркы оюнда лидер “Дордой” менен 1:1 эсебинде тең ойногонун, ага чейин
канттык “Абдыш-Атаны” конокто 0:2 эсебинде утуп алганын эске алсак, бул
беттештеги эсеп көптөр үчүн күтүүсүз болду. Себеби "Алай" аталган эки командага тең утулуп калган эле. Ошентсе да Бишкекте катары менен 3 оюн
өткөрүү үчүн келген “Алай” командасы башкы стадиондо жеңишке жетишип, сенсация жаратты. Бул жыйынтык менен “Алайдын” футболчулары
ТОП-Лигада 3-орун үчүн болгон күрөштү кайрадан жанданта алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
edu.kg

21.10.2014. 22:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга „Алай„. Ийгилик ойунчуларга
nurik92

22.10.2014. 00:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
„Алай” алгаа..
Patrik

22.10.2014. 08:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жесть оюн болгон окшойт а
Lintel

22.10.2014. 10:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох жакшы кабар АЛАЙ алга мен мындай жыйынтык кутпогом.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.