super.kg logo
  Саясат  

Кытайдан Кыргызстанга жаңы автобустар алынып келинмекчи

 
Кытайдан Кыргызстанга автобустар алынып келинмекчи. Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Нуркуловдун билдиришинче, бул тууралуу сунуш парламент депутаттарынын Кытайга болгон иш сапарында айтылган. Кыргыз депутаттары жакында Кытайдын Сямынь шаарындагы "Цзиньлун" автобус чыгаруучу компаниянын иши менен таанышышкан. "Андагы продукцияларды Бишкек шаарына алып келүү тууралуу сунуштарды бердик. Азыркы шаар ичинде жүргөн 2-3 миң кичи авобустар жолдун сапатын бузуп жатканда, коомдук транспорт катары автобусту колдонуу туура. Бирок кытай автобустарын алып келүүдө коррупцияга жол бербей, келишимди кылдат түзүш керек. Болбосо, кол коюлган келишимдеги автобустардын маркасы бир башка кымбат баада көрсөтүлүп, ал эми өлкөгө келген автобустардын модели таптакыр башкача болуп чыгып калган фактылар бар",- дейт депутат.

Аталган заводдон жылына 50 миң даана автобус чыгарылары айтылды.

Айта кетсек, Кытайдан автобус алып келүүдөгү коррупциялык иштер үчүн айыпталып, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев учурда камакта жатат. Анын иши боюнча соттун акыркы инстанциясынын чечими чыга элек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: