Кыргызстанда 2013-жылы ипотекалык насыя түрүндө берилүүчү үйлөр курулуп баштайт
"Кыргызстанда 2013-жылы ипотекалык насыя түрүндө берилүүчү көп кабаттуу үйлөр курула баштайт". Бул пикирди бүгүн, 29-январда өкмөткө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев билдирди. Ал турак жайды узак мөөнөткө ижарага берүү практикасы өнүккөн мамлекеттерде пайдаланылып, анын эффективдүүлүгү жогору экендигин убакыт көрсөтүп жаткандыгын айтты. “Ипотекалык насыя түрүндө үйлөр 10 жылдык мөөнөткө чейин берилет. Сатып алуучу адам алгачкы төлөм катары үйдүн жалпы суммасынын 30 пайызын төлөп, калган акчаны 10 жыл ичинде төлөп бүтөт”,- деди Нарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

