Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн, 22-октябрь күнү саат 03:02 чамасында катталды. Анын очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарынан 26 чакырым түндүк-чыгышты, Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым чыгышты карай жайгашкан. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында 3 балл, Жыл-Кол айылында 2-3 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:15
2025-08-04
21:56
2025-08-04

18:22
2025-08-04

17:17
2025-08-04

13:55
2025-08-04

13:40
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.